"Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары" (1920-1953-жж.) аталышындагы он томдук китеп жарык көрдү.

Эмгектин башында тургандардын бири коопсуздук кызматынын мурдакы офицери, окумуштуу Болот Абдрахманов болгон. Анын маеги менен бул жерден кеңири тааныша аласыздар: Репрессия: Бир көзүнөн жаш, бир көзүнөн кан аккан 20 000 адамдын таржымалы

"Ата-Бейит": Эсилим, кайра жаралсаң, биздин жерде туула көр

Эгемендиктин алгачкы жылында 1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү Чоң-Таштын чет жакасынан табылып, кайра жерге берилген.

Биз айрым урунттуу учурлар тартылган сүрөттөр топтомун сунуштайбыз.

Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив Image caption 1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгүн кайра жерге берүү, 1991-жыл, Бишкектин Эски аянты

"Атылган кишилердин сөөгүн ирети жок эле, биринин үстүнөн бирин таштай беришиптир. Анан баш сөөктөрүндө ок тешкен жери - биринчи далил болду",-дейт 137 адамдын сөөгү казып алуунун башында турган тарых илимдеринин кандидаты, коопсуздук кызматынын ардагери Болот Абдрахманов. Ал мезгилде Б.Абдрахманов КГБнын жаш офицери болгон. Ал 1991-жылы алгачкы маалыматты алып, казуу иштерин баштаган.

Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив Image caption Болот Абдрахманов жана Бүбүйра Кыдыралиева

"Университеттен Михаил Москалев деген археологду таап, анан каза баштадык. Ал абдан дасыккан адис экен. Биринчи күнү сегиз-тогуз адамдын сөөгү казылды. Баш сөөгүнөн эсептеп жаттык. Башында биздин комитеттен деле көптөр шек санай баштады. Кантип далилдейбиз, жөн эле койбойсуңарбы дегендей. Бирок кийин бир топ далил буюмдар табыла баштады. Эң далилдүү документ - Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдырахмановдун үстүнөн чыккан сот өкүмүн таптык. 53 жылдын ичинде ушул кагаздар сакталып калыптыр. Кээ бирөө мындан шек санайт, бирок бизде видео материалдар бар. Муну тартып койгонубуз ырас болуптур. Ошондо карарып калган кагазды акырын ачып окудук. Кадимкидей көрүнүп турат. Маселен, "5-ноябрда Төрөкул Айтматов 58-берене менен атылган" деп жазылып турат. Жусуп Абдырахмановдуку дагы ушундай табылды. Анан ошол документтердин негизинде КГБнын архивинен көчүрмөлөрү табылган. 137 айыптоо өкүмү далилденип, анан ошолордун ысымы жазылды",-деп айтып берген Би-Би-Сиге 137 адамдын сөөгү казып алуунун башында турган тарых илимдеринин кандидаты, коопсуздук кызматынын ардагери Болот Абдрахманов.

Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив Image caption Төрөкул Айтматовдун жакындары Эски аянттагы эскерүү митингиси учурунда. 1991-жыл Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив Image caption Кайра казылып алынган сөөктөрдү "Ата-Бейитти" көздөй алып жөнөгөн учур, 1991-жыл

Чоң-Таштын чет жакасындагы бул жайды тестиер кезинде атасынан угуп, кийин ачыкка чыгарган Бүбүйра Кыдыралиева болгон.

"Далай жылдан кийин атам ооруп калган учурунда эски окуяны эстеп, мага атайын ошону керез кылды эле. Дүйнө салып кетээрине көзү жеткен экен. "Кызым баягы сасык жыт, түнкү жарыкта шоола чыккан дөбөдө кыргыздын каймактары жатат. Убагы келип, жакшы заман болсо ошону айт кызым. Тууган-уругу зыркырап жүргөндүр" деди эле атам,- деп эскерет Бүбүйра Кыдыралиева.

Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив Image caption Сталиндик репрессияга кабылгандардын жакындары ошол кездеги президент Аскар Акаев менен жолугушуу учурунда. 1991-жылы тартылган сүрөт

Бул жерде бейкүнөө атылып, кийин кайра акталган кыргыздын залкар мамлекеттик жана маданият ишмерлери Жусуп Абдырахмановдун, Касым Тыныстановдун, Баялы Исакеевдин, Төрөкул Айтматовдун, Иманаалы Айдарбеков сыяктуу бир нече кишинин сөөгү жатат. Табылган сөөктөрдүн арасында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов да болгон. "Ата-Бейит" деген атты жазуучу сунуштаган экен. "Ата-Бейит" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү.

Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив Image caption Аскар Акаев жана вице-премьер министр Б.Силаев "Ата-Бейитте", 1999-жылы тартылган сүрөт

Көпчүлүк тарыхчылардын пикиринде, Кыргызстандан 40 миңге чукул киши 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив Image caption 1924-жылы түзүлгөн Кара-Кыргыз автономия облусунун ревкомунун төрагасы Иманаалы Айдарбеков үй-бүлөсү менен. Пишпекте 1922-жылы тартылган сүрөт

"Жер талаш, эл талаш, журт талаш, мамлекет куроо үчүн акыл таймаш, билим таймаш, эрк кармашынын башында турган даңазалуу муун укугу чектелүү болсо да Республика түздү. Ошолордун көрүнүктүү өкүлү Жусуп Абдрахманов "Равный среди равных" деп жазгандай, байыркы Азиянын бир кездеги эгеси башкалардан кем эмес болууга тийиш деген ураан алар үчүн өмүр максаты болду",-дейт коомдук ишмер Алмаз Кулматов.

Image caption Роза Айтматова Image caption "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси

*