Сүрөттүн автордук укугу Corbis via Getty Images Image caption Бронкс зоопаркында кармалган жолборстордун бири

Бронкс зоопаркында кармалган төрт жаштагы жолборс коронавирус жуктурганы аныкталды.

Надья аттуу жолборско вирус зоопаркта иштеген адамдан жуккан. Надьядан тышкары зоопарктагы алты башка жаныбарга Covid-19 вирусу жуккан болушу мүмкүн. Өткөн айда жаныбарлардан вирустун симптомдору табылган экен.

Аларды вируска кабылган кызматкер караганы белгилүү болду.

"Вирус адамдан жаныбарга жуккан биринчи учур болуп калды",-деп айтты зоопарктын башкы ветеринары Пол Калле Reuters агенттигине.

  • Коронавирусту биринчи бейтап кайсыл жаныбардан жуктуруп алган?
  • Коронавирус мифтери: Жарганаттар, банан...

Дүйнөнүн башка аймактарында дагы үй жаныбарларга вирус жукканы аныкталган болчу. Бирок адистер үй жаныбарлары андан ооруп же вирусту жайылтат дегенге далил жок экенин белгилешет.

Пол Калле Бронкс зоопаркындагы жагдайды дүйнөнүн булуң-бурчундагы башка зоопарктар жана Covid-19 вирусун изилдеп жаткан окумуштуулар менен бөлүшөрүн белгиледи.

Вирустун симптомдорун көрсөткөн Надья сыяктуу Малайзиядан алынып келинген эки жолборс, эки амур жолборсу жана Африкадан алынып келинген үч арстандын абалы туруктуу. Ветеринарлар жаныбарлар тез сакайып кетет деп ишенип турат.

"Жаныбарлар тамакты аз жеп калышты. Бирок ветеринарлар менен ойноп, абалы туруктуу. Кооптонууга негиз жок",-деди зоопарктын өкүлү.

Карантин шарттарынан улам Нью-Йорк шаарындагы төрт зоопарк, анын ичинде Бронкс зоопаркы 16-мартта жабылган. Эми зоопарктагы башка жаныбарларды коргоо үчүн жаңы чаралар ишке ашырылат.

Коронавирус жана жаныбарлар тууралуу эмне белгилүү?

Covid-19 вирусу өткөн жылы Кытайдын Ухань шаарында биринчи жолу аныкталган. Covid-19 вирусуна алып барган Sars-CoV-2 инфекциясы алгач жапайы жаныбардан адамга жуккан деген жоромол бар.

Вирус мутацияланып адамдан адамга жуга баштагандыктан абал курчуп, пандемияга алып барды. Бирок Надья аттуу жолборстун вируска кабылганы жаңы суроолорду жаратты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images Image caption Жаңы коронавирус дүйнөгө жайылды

Дүйнөдө вирустун үй жаныбарларга жуккан учурлар катталган. Мисалы, Гонконг шаарында ээсинен вирус табылгандан кийин эки ит дагы Covid-19 симптомдорун көрсөткөн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирусту алып жүргөн жаныбар аны таратат дегенге эч кандай далил жок экенин белгилеп келет. Жаныбарлардын саламаттыгы боюнча дүйнөлүк уюм бул маселени иликтеп жатат. Бирок адистер вируска кабылгандарды үй жаныбарларынан оолак болууга чакырат.

  • Окумуштуулар: Түштүк Америкадан адамзат саламаттыгына коркунуч туулат
  • Коронавирустар кантип пайда болот жана эмнеси менен кооптуу?

"Жолборско вирус жугуп калганын угуп таң калдым. Себеби жолборс менен вируска кабылган зоопарктын кызматкери узак мөөнөткө чакан бөлмөдө болгон эмес. Жолборс Covid-19 вирусунун симптомдорун көрсөткөнү дагы кызык. Бул багытта изилдөөлөр жетишсиз",-деди Кембридж университетинин зоология боюнча окумуштуусу Сара Кадди.

Буга чейин зоологдор корнавирус маймыл сыяктуу жаныбарларга коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертип келишкен. Ошондуктан горилла, шимпанзе жана орангутан сыякуу жапайы жаныбарларды коргоо үчүн атайын чаралар ишке ашырылган. (AT)